«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» – деп улуу акын Аалы Токомбаев айткандай, мына бүгүн Чыныбай Турсунбековду калдайган калың эли бүгүнкү күндө опол тоодой эмгеги менен эскерди.

«Жаш толкун -2022» поэзия фестивалы «Жылдыздуу жээк» деп аталып, жаш акындар менен бирге «Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм» аттуу эссе жазуу сынагынын финалисти болуп катышуу мага да насип этти. Республиканын жети дубанынан келген коноктор менен бирге болуп, жаш акындардын жан дили менен жазган ырларын угуп, жан дүйнөм тазарды. Бул фестивалга өзүм эле катышпай финалист болуп, студент кызым дагы чогуу катышып жана билим берген окуучуларым дагы катышып, көрүүчүлөрдүн жана калыстардын алкоосуна ээ болдук.

Чыныбай Турсунбековдун биз билбеген аруу дүйнөсү менен таанышып, келечек муунга үлгү болчу адам экенин, айтып жүрүү биздин милдет экенин дагы бир жолу ынандым. Фестивалга катышкан ар бир адамга өзүнчө бир шык, дем пайда болуп, элине ак кызмат өтөөгө түрткү болду. Фестивалдын жүрүшүндө акындын ырлары көркөм окулуп, айылдаштары тартып берген «Тушоо кесүү» ырына кыска метраждуу тасмага күбө болдук.

Бүгүнкү күндө Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд уюштурулуп, жаш акындарды жана таланттуу окуучуларды колдоо менен бирге адабияттын өсүшүнө чоң салым кошууда. Чыныбай Турсунбековдун артында калган үй – бүлөөсүнө терең ыраазычылык билдирем. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе жубайы Тентимишева Нуржан Давлетбековнанын бүгүнкү күндө алып барып жаткан иши мындан нары да илгерилей берсин демекчимин. Ар бир катышып келген адамда Чыныбай агайдын кандайдыр бир асыл сапаттары таасир берип, дүйнө таанымы кеңейди десек жаңылышпайбыз. Мына ушул иш чарадан кийин келечектин ээси болгон жаш муундарда кызыгуу артып, фонддун кийинки өтө турчу иш чараларына кызыгуу пайда болду. Ушундан улам мен өзүмдүн иш планыма «Турсунбеков-табылгыс инсан» деген темада окуучулар менен бирдикте октябрь айында агайдын басып өткөн турмуш жолуна байланышкан тарбиялык ачык сабак уюштурууну пландап жатам. Сөзүмдүн аягында фонддун жалпы жамаатына Чыныбай агайдын уул- кыздарына, жубайы Нуржан Давлетбековнага терең ыраазычылык билгизем.Чыныбай Турсунбековдун экинчи өмүрү түбөлүккө жашай берет!

Мурунку